Кыргызстанда мите курт 14 жашка чейинки балдарда көп кезигет

Адис өлкөдө кайсы мителер кеңири жайылганын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Кыргызстанда мите курттар менен көбүнчө 14 жашка чейинки балдардын 70-75 пайызы жабыркайт. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.
Маалыматка караганда, жылына 25 миң баладан мите курт оорусу аныкталат.
"Адамдарда мите курт көбүнчө жеке гигиена сакталбагандан пайда болот. Мисалы, ойногондон кийин, мектептен, көчөдөн келгенден кийин, дааратканадан чыккандан соң жана тамактануунун алдында кол жуубаган учурда жуктуруп алат", — деди паразитолог Жумагүл Усубалиева.
Ошондой эле ал иттен жана мышыктан эхинококкоз жана токсокароздор жугарын айтты.
"Ит жана мышык менен ойногондон кийин колду сөзсүз жууш керек. Колдон келсе баланы жылына эки жолу лабораториялык изилдөөлөрдөн өткөрүп туруу зарыл", — деди адис.
Усубалиева Кыргызстанда эң кеңири жайылган мите — бул чүчөк курттары экенин кошумчалады. Алар энтеребиоз оорусун чакырат. Андан кийинки эле орунда лямблиялар туруп, лямблиоз оорусун козгойт. Кийинки сапта аскарида, эхинококкоз, альвеококкоз, гименолепидоз, тениаринхоз, описторхоз сыяктуулар турат.
Ден соолукту чыңдоо борбору кош бойлууларга кыймылдын зарылдыгын эскертти