Таласта сомдун 30 жылдыгына карата нумизматикалык көргөзмө өтөт. Дареги

Көргөзмөдө коллекциялык монеталарды сатып алса болот.
Sputnik
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Улуттук банк сомдун жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгына карата Талас шаарында нумизматикалык көргөзмө өтөрүн билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара 17-18-май күндөрү саат 10:00дөн 15:00гө чейин Талас шаарындагы Көркөм сүрөт музейинде жана 23-25-майда Улуттук банктын Талас облустук башкармалыгынын имаратында өтөт.
"Көргөзмөгө башкы банк тарабынан чыгарылган нумизматикалык коллекциялык монеталар жана башка нумизматикалык баалуулуктар коюлат. Алар кыргыз элинин тарыхын жана маданий мурасын терең айкалышта чагылдырат", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле аталган иш-чаранын катышуучулары коллекциялык монеталарды сатып алса болору айтылды.
Сомду киргизүүдө жашыруун комиссия иштеген. Улуттук валюта тууралуу 7 факт