Садыр Жапаров карыздан эмнеге азыр кутулуп салса болбой турганын айтты

Мамлекет башчы тышкы карызды улам көтөрүп, дүрбөлөң түшүп, талкуулабай эле коюуга чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Өлкө карызын мөөнөтүнөн мурда жаап салуу Кыргызстанга пайдасыз. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" улуттук агенттигине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, 31-мартка карата мамлекеттин тышкы карызы 4,5 миллиард долларды түздү. Анын баарын төлөп салууга бийликтин кудурети жетет.
"Бирок тышкы карыздын дээрлик бардыгы 20 жылдан 40 жылга чейин жеңилдетилген, пайыздык чендери 0,75тен 2 пайызга чейинки кредиттер болуп саналат. Аны алып жатканда мөөнөтүнөн мурда төлөй турган болсок, белгиленген сумманын үстүнө дагы кошумча пайыз төлөө милдеттемелери коюлуптур. Ошондуктан карызды мөөнөтүнөн мурда жаап салуу бизге пайдасыз. Азыр өз убагынан бир мүнөт дагы кечиктирбей төлөп жатабыз, ага толук шартыбыз дагы бар. Корко турган эч нерсе жок. Бүгүнкү күндө буга чейинки алынган ички жана тышкы карыздын эң көп бөлүгүн төлөп баштадык", — деди Жапаров.
Ошондой эле ал ички дүң продукциянын өсүү темпи былтыр 7 пайызды түзүп, жакшы көрсөткүчкө жеткенин айтты. Андыктан элди карыз маселесинен тынчсызданбоого чакырды.
"Үч жыл мурда эле карызды кантип төлөйбүз, кайдан акча табабыз деген коркунуч болсо, азыр бул маселе бизди ойлондурбайт дагы. Андыктан тышкы карызды улам көтөрүп, дүрбөлөң түшүп, талкуулабай эле койсоңуздар болот", — деди мамлекет башчы.
Белгилей кетсек, буга чейин депутат Балбак Түлөбаев президент кааласа Улуттук банкта сакталып турган алтын менен Кытайдын алдындагы карызды азыр да төлөп коё аларын билдирген. Кеп 1 миллиард 800 миллион доллар туурасында жүргөн.
Кыргызстандын ички карызы дагы рекорд коюп, 96 миллиард сомго жетти