"Валдай" клубу: Москва кыргыз-тажик чек ара талашынын тез арада чечилишин колдойт

Россия менен Борбор Азия мамлекеттери коопсуздук жаатындагы көптөгөн багыттар боюнча кызматташып келет.
Sputnik
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Россия Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара талашын тез арада чечүүнү жактайт. Бул тууралуу РФ тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин Томск шаарында өтүп жаткан "Валдай" эл аралык дискуссия клубунун III борбор азиялык конференциясында билдирди.
"Москва чек ара маселесинин тез арада чечилишин колдойт жана бул жааттагы процесстин оң динамикасын канааттануу менен белгилейт", — деди Галузин.
Ал РФ менен ЖККУ Борбор Азиядагы коопсуздуктун кепилдиги экенин, Кыргызстан менен Тажикстандагы Россиянын аскер базалары негизги элементтердин бири болорун кошумчалады.
Аймактагы региондор менен Афганистан тараптан жаралган террордук, баңгилик коркунучтарына каршы туруу боюнча кызматташуу тыгыз экени да белгиленди.
РФ ТИМи: Батыш Борбор Азия өлкөлөрүнө өйдөсүнүп мамиле кылат