БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Кээ бир Борбор Азия өлкөлөрү Россияга каршы санкцияларга кошулууга даяр, бирок алар Москва менен байланышын жасалма түрдө үзүү олуттуу зыян алып келерин түшүнөт. Бул туурасында Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин Томскидеги "Валдай" эл аралык дискуссиялык клубунун III борбор азиялык конференциясынын отурумунда билдирди.
"Батыш мамлекеттери Россияны колдогондордун баарын жазалайбыз деп коркутуп жаткан учурда биздин борбор азиялык досторубузга жеңил болбойт. Аз убакыттын ичинде регион көңүл чордонундагы аймакка айланды. Бир катар Борбор Азия өлкөлөрү экономикалык чектөөлөр орунсуз жана легитимсиз болуп жатканын көрүп түшүнүп турганы менен тобокелчиликтерге баргысы келбейт жатат. Ошол себептен Батыштын чектөө чараларынан чыкпоого даяр экенин билдиришүүдө", — деди Галузин.
ТИМ башчысынын орун басары Россия эч кимге кайсы ички жана тышкы саясатты кармануу керектигин таңуулабай турганын белгиледи. Бирок ал өз ара макулдашылган, анын ичинде ЖККУ, ЕАЭБ жана КМШ алкагындагы милдеттемелерге таасир этпегендей болушу шарт.
"Бирок биз Борбор Азия региону Москва менен байланышты жасалма түрдө үзүү санкциялардын чыгымына караганда олуттуу зыян алып келерин жакшы түшүнүп турат деп ишенебиз", — деди Галузин.
Ошондой эле ал Россия тарап Борбор Азия өлкөлөрү менен стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерди ырааттуу түрдө бекемдөөгө дилгирлигин кошумчалады.