Дени сак адам жаман түш көрбөшү керек. Невролог Жамал Турганбаевдин маеги

Уйку жогорку нерв системасын калыбына келтирет. Уктап жатканда нерв системасы менен жүрөктүн иштеши жайлап, булчуңдар бошоп, кан басым төмөндөйт.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан редакциясында Саламаттык сактоо министрлигинин башкы неврологу, Улуттук госпиталдын №3 неврология бөлүмүнүн башчысы, медицина илимдеринин доктору Жамал Турганбаев болду. Биз уйкунун адамдын ден соолугу үчүн тийигизген таасири жана мааниси тууралуу сүйлөштүк.
— Уйку режиминин бузулушунан жабыр тартып, андан улам түрдүү ооруларга кабылгандар бар. Уйку канбагандык организмге кандай зыян алып келиши мүмкүн?
— Бул ушу тапта чоң көйгөй болуп бара жатат. Акыркы убакта уйкуну бир аз азайттык деген сөздү көп угуп калабыз. Бул туура эмес. Уйку — адам баласы үчүн эң керектүү нерселердин бири. Мисалы, биз жашоо үчүн сөзсүз тамактануубуз керек. Эмгектенебиз, дем алабыз жана уктайбыз. Уйкунун организм үчүн мааниси зор. Кандыра укташ керек. Кандайдыр бир себептен улам уйкуң чала болуп же аз уктаганга туура келсе, кийин анын ордун толтурууга аракет кылган жакшы. Орто жаштагы адам болжол менен 7-8 саат укташы зарыл. Шашып-бушуп келип эле бир-эки саат уктап алган жарабайт. Уйкуга да жакшы шарт түзүү зарыл. Эч качан ач карын же тамакты тоё жеп алып уктабаш керек. Ошондой эле бөлмөнү желдетип, жумшак, ыңгайлуу төшөк болушу абзел. Тынымсыз иштеп жаткан организм үчүн уйкунун мааниси өтө чоң. Уктаганда сезимтал нерв клеткалар дайыма ойгоо болот. Алар адамдын аң-сезимине жараша иштейт. Мисалы, жумуштан чарчап келген кишини түртүп же чакырсаң да ойгонбошу мүмкүн. Бирок кайсы бир маанилүү иши болсо убактысында өзү эле ойгонот. Анткени аң-сезим ошого программаланып калат. Жүрөк да токтоп калбайт, бирок уйку учурунда согушу басаңдап, эс алат, ошондон улам кан басымы түшүп кетет жана кан айлануу системасына да жакшы шарт түзүп берет. Кан тамырлар кеңейет. Уйку бездер да тынымсыз иштеп турат. Тамак сиңирүү органдарыбыз да чыңалбай жайлап калат. Негизи чарчаганда, уйкуң келип үргүлөп баратканда дароо укташ керек.
Улуттук госпиталдын №3 неврология бөлүмүнүн башчысы, медицина илимдеринин доктору Жамал Турганбаев: орто жаштагы адам болжол менен 7-8 саат укташы зарыл. Шашып-бушуп келип эле бир-эки саат уктап алган жарабайт. Уйкуга да жакшы шарт түзүү зарыл
— Күнүнө канча убакыт уктоо норма болуп эсептелинет?
— Орто жаштагы адам 7-8 саат уктаса жетет. Ал эми жаш балдар 18 саатка чейин укташы керек. Эгер уйкуң начар болуп кыйналып жатсаң, дарыгерге кайрылуу зарыл. Тынчсыздануу, депрессия уйкуну качырат. Ал эми көп уктагандык да кандайдыр бир оорунун таасиринде болот. Айрымдардын эч эле уйкусу канбай, күнү-түнү деле уктай берет. Мээге кычкылтектин, азыктын жетишпестигинен улам көзү ачылбай эле уйкусурай берет. Моюн остеохондрозунун кесепетинен мээге кирген кан тамырдын жарымы моюндагы эки омуртка аркылуу өтөт. Ошол эки омуртка кысылып калганда жумуш күнүнүн акырына жетпей уйкусурап же үп бөлмөдө тез эле шалдырап калышат. Алар унутчаак да болушат. Өз убагында кайрылса баарын калыбына келтирсе болот.
— Айрым адамдар сергек болсо, кээ бирлерди ойготуу абдан кыйын. Бул адамдын өзүнөнбү же уйкунун фазаларынын бөлүнүшүбү?
— Негизи физиологиялык уйку терең жана үстүңкү катмардагы уйку эки фазадан турат. Терең фазада жатканда ойготуу кыйын болот. Бир терең уйкуга кирип, кайра үстүңкү фазага көтөрүлүп турат. Экинчиден, патологиялык уйку деген түшүнүк бар. Бул генден берилет. Адам уйкусурап, көп уктайт.
— Түнү менен түш көрүп жакшы уктай албай кыйналып чыккан да учурлар болуп калат. Негизи эле айрымдар такыр түш көрбөйт экен. Түштүн уйкуга таасири кандай?
— Негизи дени сак адамдар жаман түш көрбөшү керек. Айрымдар түнү менен уктаса да түш көрүп, жумуш кылгандай кыйналып чыгат. Бул кандайдыр бир оорунун белгиси. Организм ошол убакка чейин чыңалып турган. Көп ойлонуп, көп иштеп, көп кыйналган учурда, ачка же өтө тоюп жатып алганда, ичкилик ичкенде же уулуу заттарды колдонгондо ар кандай түштөр кирет. Өзгөчө адамдын дене табы көтөрүлгөндө уйку өзүнүн функционалдык милдетин аткара албай калат. Жаман, коркунучтуу эмес түштөрдүн эч кандай терс таасири жок. Кээде адамдар уктап жатып сүйлөнүп же кыйкырган учурлар болот. Айрымдар жумуштагы иштерин же бир күн бою көргөн-билгенин түндө божурап чыгат. Бул да кандайдыр бир деңгээлде адамдын кыйналганын билдирет. Кээде дем жетпей чочуп ойгонот. Муну кыргыздар "албарсты басты" деп коёт. Бирок бул да оорудан кабар берет.
Ал эми коңурук тартуу организмдин анатомиялык түзүлүшүнүн өзгөчөлөктөрүнөн улам болот. Бул кандайдыр бир деңгээлде тукум кууган оору болушу да мүмкүн. Коңурук тарткан кишинин уйкусу 8 саат уктаса да канбайт. Анткени алар жакшы эс ала алышпайт. Ошондуктан уктоого жетишерлик шарт түзүп берүү керек. Коңурук тарткандар демейде 9-10 саат уктайт. Бирок муну дарыласа болот.
Турганбаев: Негизи дени сак адамдар жаман түш көрбөшү керек. Айрымдар түнү менен уктаса да түш көрүп, жумуш кылгандай кыйналып чыгат. Бул кандайдыр бир оорунун белгиси.
— Уктап жатып тишин кычыратканды кандай түшүндүрөсүз?
— Бул жаш балдарда көп кездешет. Чоңдордо да бар. Ичегиде курту барлар уктаганда тишин кычыратат. Анткени тынч алып уктаганда организмдин уулуу зат бөлүп чыгаруу активдүүлүгү күчөйт. Ошол учурда адамдын булчуңдары тырыштып, тишин кычыратат. Экинчиден, бул невроздун башталышы. Ошондуктан неврологдорго кайрылып, анализ да тапшырып коюу керек.
— Шаардыктар көбүнчө уйкусу канбай жүргөндүктөн дем алыш күндөрү ошол уйкусун кандырып, толуктоого аракет кылат. Бул механизм иштейби?
— Ооба, жардам берет. Көп учурда аз уктап, көп иштегендер дем алыш күндөрү сөзсүз уйкусун компенсациялап укташы керек. Жаткан жерин кыш-жай дебей желдетип турганы маанилүү. Жер тамдарда кышкысын терезе дээрлик ачылбайт. Бул өнөкөт гипоксияга алып келет. Уктаар алдында бир аз желдетип, кайра жаап, анан жатуу керек. Жакшы уктаган адамдын мээси да эс алат. Кан басымы көтөрүлгөндөр, мээдеги кан айлануунун бузулушуна кабылгандар башын бийиктетип жатышы керек. Ал эми кан басымы төмөндөр жапыз же жаздыгы жок жатканы жакшы. Айрымдар уктабагандай болуп турдум дешет. Алардын мээсине кан жакшы барбай калган. Бирок адам өзүнө ыңгайлуу жатканы оң. Негизинен уйку көйгөйү жаш өткөн куракта кездешет. Баары эле уйкум начар дешет. Кейип-кепчип отуруп оору чакырып да алышат. Аз уктап, бирок уйку канып калса кадыресе көрүнүш болуп саналат.
Кыргыз ССРи Улуу Ата Мекендик согушта негизги тыл болгон. Тарыхчылардын маеги