Түркиядагы шайлоо: бюллетендердин 99,9%ы саналып бүттү. Жыйынтык кандай?

Кечээ түркиялыктар 13-президентин шайлоо үчүн добуш беришти.
Sputnik
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Түркиядагы президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгында Режеп Тайип Эрдоган добуштардын 49,34 пайызын, ал эми анын негизги атаандашы Кемал Кылычдароглу 45 пайыз алганын TRT Haber агенттигине таянуу менен РИА Новости жазды.
Шайлоо аяктагандан кийин Эрдоган Анкарада шайлоочулар менен жолуккан.
Эске салсак, Түркияда кечээ президенттик жана парламенттик шайлоо өттү. Мамлекеттин азыркы башчысы Режеп Тайип Эрдоганга негизги атаандаш болуп "Элдик альянстан" Кемаль Кылычдароглу чыккан. Андан сырткары, үчүнчү талапкер — Ata альянсынан Синан Оган болгон. Ал эми төртүнчү адам Memleket партиясынан аттанган Мухаррем Инже бир нече күн мурда талапкерлигин алып салганы менен бюллетенде ысымы кала берген. Кечээки шайлоодо ага да добуш бергендер болгону менен өтө аз үлүштү түзгөн.
Жогорку шайлоо кеңеши шайлоонун акыркы жыйынтыгы 19-майда расмий басылмага жарыяланарын, ал эми алдын ала жыйынтыкты түндө чыгарышарын билдирген.
Эгерде талапкерлердин бири добуштардын 50 пайызын ала албаса, шайлоонун экинчи туру 28-майда болору айтылган.
Түркиядагы шайлоодо Эрдоган алдыда бара жатат. Шайлоо үкөктөрүнүн жарымы ачылды