ЖМК: Россия — Иран альянсы АКШнын кызыкчылыгына олуттуу кооптуулук жаратат

Макаланын авторлору Москва менен Тегерандын кызматташуусу Вашингтондун Европадагы, Евразиядагы жана жакынкы Чыгыштагы кызыкчылыгын тарытат деген пикирде.
Sputnik
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Россия менен Ирандын бекемделип жаткан альянсы Американын кызыкчылыктарына бир топ эле кооптуулук жаратат. Бул тууралуу 19FortyFive басылмасы жазганын Газета.ру кабарлады.
Материалдын авторлору аскердик, тышкы саясат жана экономика жаатындагы эки тараптуу кызматташуулар Москва менен Тегерандын ортосундагы алаканы бекемдеп, "АКШнын Европадагы, Евразиядагы жана Жакынкы Чыгыштагы кызыкчылыктарына шек келтирерин" белгилеген. Андыктан Вашингтон жана анын союздаштары "Россия-Иран багытына каршы чукул чараларды көрүшү" зарыл. Болбосо Американын улуттук кызыкчылыгына дагы кошумча залал келет.
Тегерандын Москвадан төртүнчү муундагы Су-35 учактарын жана дагы бир катар заманбап аскер техникасын алууну пландап жатканы белгиленген. Мындан сырткары, Россия Иранга өзөктүк программаны өнүктүрүүдө жана алыска атыла турган ракеталарды алууга көмөк көрсөтүүсү боюнча чочулоо бардыгы айтылган.
19FortyFive басылмасынын журналисттеринин пикирине караганда, АКШ президенти Жозеф Байдендин администрациясы "Россия-Иран кооптуу альянсын" тизгиндеп калуу боюнча коюлган тапшырманы аткара алган жок.
АКШ дүйнөнү кайрадан бөлүштүрүүгө киришкендей. Бул жолу кимди садага чабат?