Окуучулар кабылган автокырсык: GoBus айдоочусу комадан чыкты

Буга чейин ушул жол кырсыкта катуу жабыркаган окуучу да комадан чыкканы кабарланган.
Sputnik
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Бишкектен анча алыс эмес жерде мектеп окуучуларын алып бара жаткан автобус менен кагышкан GoBus микроавтобусунун айдоочусу комадан чыкты. Бул тууралуу Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасынын дарыгери Илимбек Манапов билдирди.
Анын айтымында, бейтапка операция жасоо үчүн даярдык көрүлүүдө.
"1993-жылы туулган Анвар Аскарбеков комадан чыгып, бүгүн травматология бөлүмүнө которулду. Абалы канааттандырарлык, бир аз сүйлөп калды. Учурда бейтапты жамбаш сөөктөргө операция жасоого даярдап жатабыз", — деди Манапов.
Буга чейин ушул жол кырсыкта катуу жабыркаган окуучу да комадан чыкканы кабарланган.
Эске салсак, 20-апрель күнү саат 11:30дар чамасында кенже класстын балдары автокырсыкка кабылган. "Манас" аэропортуна кетип бараткан жолдо Сокулуктун Ат-Башы айылынан Лесное айылына мектепке чыккан автобусту артынан келе жаткан GoBus маршруткасы сүзгөн. Автобустун ичинде 1-4-класстын окуучулары бар экени белгилүү болгон. Натыйжада ар кандай жаракаты менен жалпысынан №3 ооруканага 27 бала түшүп, үчөө ошол эле күнү үйүнө кайткан. Андан кийин дагы 15 окуучу чыгарылган.
Баласынын кылмышын өзүнө алган. Курсант кыздын өлүмү боюнча чыныгы шектүү кармалды