Бишкекте "Музейдеги түн" акциясы өтүп, бир мезгилде 70тей иш-чара уюштурулат

Музейдеги түн акциясы. Архив
Бул күнү көргөзмөлөрдөн сырткары түрдүү оюндар, мастер-класстар, ыр-бийлер менен коштолот.
Sputnik
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Бишкекте эл аралык салттуу Музейлер күнүнө карата "Музейдеги түн" акциясы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, акция 18-майда, саат 17.00дөн 22.00гө чейин болот. Бул күнү Улуттук тарых музейинде 70ке жакын иш-чара уюштурулуп, 5 миңден ашуун көрүүчү келери күтүлүүдө.
Экспозиция залдарында тарыхый персонаждардын образдарын чагылдыруу, авиация моделдерин, турак жай макеттерин жасоо, улуттук оюндар, живопись, скульптура жана башка түрдүү өнөрлөр боюнча мастер-класстар болот. Аны менен катар дүйнө элдеринин маданий өзгөчөлүктөрүн чагылдырган япон элинин оригамилери, кытайдын каллиграфиялык сулуу жазуу ыкмасы, чай ичүү церемониясы, индиянын пластикалык бийлери тартууланат.
Ошондой эле манасчылар, төкмө акындар, ырчылар жана бий-күү топторунан турган өнөр адамдарынын кызыктуу концерттик программасы, Коргоо министрлигинин аскердик оркестринин салтанаттуу жүрүш өнөрү жана "Аталар изи" коомдук фондунун кыргыз улуттук кийимдеринин этномодасы көрсөтүлөт.
Уз-чеберлер кыргыздын салттуу элечек ороо, кыздын чачын өрүү, ийик ийүү сыяктуу эзелки элдик өнөрлѳрүн көрүүчүлөргө үйрөтөт. Улуттук баш кийимдердин жаңыланган түрлөрү менен таанышуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.
Салтанаттуу жыйындар залында Улуттук "Сейтек" борбору жана Кыргызстан элдеринин ассамблеясы тарабынан элдердин ынтымагын бекемдөөгө арналган концерттик программа, жаратылышты коргоо боюнча тасма көрсөтүлүп, викториналар ойнотулат.
"Музей кыргыз элинин нарк дүйнөсүн, тарыхын, маданиятын салтка айланган акция аркылуу жайылтуу жана пропагандалоо менен музейлердин ролун көтөрүүчү негизги миссиянын бир багытын жүзөгө ашырат", — деп жазылган маалыматта.
Рух Ордо маданий борбору. Архив
Ысык-Көлдө туристтик сезон ачылып, бийлик кандай даярданганын айтып берди