Баткен облусу: алдыдагы бир аптага карата аба ырайы

Аптанын башында күн 30 градуска чейин ысып, андан соң бир аз салкындайт.
Sputnik
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги бул жумада Баткен облусунда аба ырайы кандай болору туурасында божомолун таратты.
Маалыматка ылайык, 15-майда жаан-чачын күтүлбөйт. 16-майда күндүз айрым жерлерде өткүн өтөт да, 17-майда кайра күн ачылат.
18-19-майда көпчүлүк аймактарда, ал эми 20-21-майда айрым жерлерде өткүн болот. Аптанын башында күн 30 градуска чейин ысып, андан соң бир аз салкындайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши ыктымал.
Кыргызстан боюнча бир жумага карата аба ырайынын божомолу