Жалал-Абад облусунда күн 31 градуска чейин ысыйт. Бир жумага карата аба ырайы

Облустун аймагында жаан катуу жаабайт, өткүн өтүп басылары айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Алдыдагы аптада Жалал-Абад облусунда күн 31 градуска чейин жылыйт. Бул туурасында Кыргызгидромет агенттиги билдирди.
Синоптиктердин божомолуна ылайык, 15-майда тоолуу райондордо, 16-майда айрым жерлерде өткүн өтөт. 17-майда облустун бүт аймагында ачык болот.
18-20-майда көпчүлүк аймактарда, 21-майда айрым жерлерде өткүн өтөрү айтылды.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Кыргызстан боюнча бир жумага карата аба ырайынын божомолу