Ысык-Көлдө туристтик сезон ачылып, бийлик кандай даярданганын айтып берди

Өлкөдө эс алуучу 68 туристтик жайды ачуу пландалып, учурда 21и курулуп жатканын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Чолпон-Атада “Ысык-Көл” аталышындагы эл аралык туристтик көргөзмө-жарманкенин жана туристтик сезондун ачылышы болду. Бул туурасында Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.
1 / 3

Чолпон-Атада “Ысык-Көл” аталышындагы эл аралык туристтик көргөзмө-жарманкенин жана туристтик сезондун ачылышы болду

2 / 3

Министр Данияр Амангелдиев туризм тармагында жагымдуу шарттарды түзүү максатында мамлекеттик органдар, жеке сектор жана эл аралык өнөктөштөр менен тыгыз кызматташып жатканын белгиледи

3 / 3

Анын айтымында, тиешелүү мыйзамдар өзгөртүлүп жатат. Ошону менен бирге туристтик бизнесте бирдиктүү салык режими киргизилген, келечекте бир катар салыктык жеңилдиктер каралат.

Министр Данияр Амангелдиев туризм тармагында жагымдуу шарттарды түзүү максатында мамлекеттик органдар, жеке сектор жана эл аралык өнөктөштөр менен тыгыз кызматташып жатканын белгиледи.
Анын айтымында, тиешелүү мыйзамдар өзгөртүлүп жатат. Ошону менен бирге туристтик бизнесте бирдиктүү салык режими киргизилген, келечекте бир катар салыктык жеңилдиктер каралат.

“Өлкөдө эс алуучу 68 туристтик жайды ачуу пландалып, учурда 21и курулуп жатат, алар быйылкы туристтик сезондо пайдаланууга берилиши керек. Калган 47 объектинин да жайгашкан жери аныкталып, курулушу улантылат. Борбор калаага жакын жайгашкан “Байтик Mountain Resort” тоо-туристтик кластери” инвестициялык долбоору ишке ашырылууда. Ал Борбор Азиядагы эң ири туристтик аймактардын бири болору күтүлүүдө”, — деди Амангелдиев.

Ошондой эле ал эки локалдык геопарк (Баткен районундагы Мадыген, Ысык-Көл облусунда Тескей) түзүлгөнүн, алдыда дагы башка ушундай парктар ачыларын убадалады. Учурда Кыргызстандын геопарктарын ЮНЕСКОнун глобалдык геопарктарынын тизмесине киргизүү боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатканы айтылды.
Аткаминер Абу-Даби жана Сеул шаарларынан Бишкекке түз авиакаттамдар ачыларын кошумчалады.
“Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, министрликтердин, ведомстволордун, жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилерине жана туризм тармагында эмгектенген жарандарга кайрылам. Бүгүн келген туристтердин жеке коопсуздугун камсыздап сапаттуу тейлесек, эртең биз алардын эки эсе көп келишине шарт түзөбүз”, — деди министр.
Былтыр Кыргызстанга жакынкы жана алыскы чет мамлекеттерден 6,9 миллиондон ашык турист келген.
Пресс-борбор
Ысык-Көлдүн мүмкүнчүлүктөрү чоң. ЕЭК министринин туризм боюнча пикири