Түркияда бүгүн президенттик жана парламенттик шайлоо башталды

Аталган саясий өнөктүктө 60 миллиондон ашык жарандын добуш берери айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 14-май – Sputnik. Бүгүн Түркияда эл 13-президентин жана жаңы парламентти шайлоо үчүн добуш беришет.
Түриялыктар беш жылдык мөөнөт менен президентин жана 600 депутаттуу парламентти шайлашат.
Мамлекеттин башчылыгына таймаш негизинен эки талапкердин – азыркы президент Режеп Тайип Эрдоган менен "Республикалык альянс" сүрөгөн оппозициялык "Элдик альянс" партиясынын бирден-бир талапкери Кемаль Кылычдароглунун ортосунда болору айтылууда.
Андан сырткары, Ata коалициясынан Синан Оган да талапкер.
Буга чейин дагы президент болом деген дагы бир адам – Мухаррем Инже акыркы учурда талапкерлигин алып салган. Бирок ал кимдин пайдасына жарыштан чыгып кеткенин так айткан эмес. Анын бул кадамынан улам бюллетенден ысымын алууга жетишпей калышкан.
Шайлоо боюнча анализ жүргүзүп жаткандар экөөнүн кимиси лидерлик кыларын так айта алышкан жок. Анткен менен бир катарлары I тур Эрдоган үчүн ийгиликтүү болот десе, бир даары Кылычдароглунун жеңишин белгилеп жатышат.
Эгерде так жарышында талапкер добуштардын 50 пайызын албай калса, экинчи тур 28-майда өтүшү керек.
Аталган бул саясий өнөктүктө 60 миллион 721 миң 475 жарандын добуш берери айтылды. Алардын басымдуу бөлүгү, 30,7 миллиону – аялдар.
Жогорку шайлоо комиссиясы 81 аймакта 191 шайлоо урналары орнотулганын билдирди.
Бул күнү ичимдиктер сатылбастыгы, кафелер иштебей турганы, ал эми тойлорду өткөрүүгө саат 18:00дөн кийин уруксат берилери айтылды.
Эрдоган Россияга тап берген Түркиядагы оппозицияны сынга алды