Казы Дыйканбаев жетим өсүп, өз киндигин өзү кесип өмүрүн элине, жерине арнап, бардык кызматтык тепкичтерди басып өтүп өкмөт башчылыкка чейин жеткен. Sputnik Кыргызстан агенттиги элдин мыкты уулу жөнүндө кызыктуу фактыларды сунуштайт.
Эрте жетим калган. Казы Дыйканбаев 1913-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Талды-Суу айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Үч жашка чыкканда ата-энеси менен Кытайга качып, беш жашында жакындары менен кайра мекенге кайткан. Жолдо атасы Дыйканбай Кочкорбаев оорудан каза болуп калат. Билимге умтулган кичинекей Казы 20-жылдардын башында айылда жаңы ачылган мектепте он жашында сабак алып, араб, латын арибинде окуп-жазууга жетишет. Кийин Караколдогу кыргыз-орус интернат мектебинде окуп Фрунзе шаарына жөө келип атайын курста окуган.
Билимге умтулган кичинекей Казы 20-жылдардын башында айылда жаңы ачылган мектепте он жашында сабак алып, араб, латын арибинде окуп-жазууга жетишет.
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР
Басмачыларга каршы күрөшкөн. Бир кесипке ээ болгусу келген өспүрүм Ашхабад шаарындагы Орто Азия зооветеринардык институтуна өтүп, бөтөн жерде билим алган. Азыркы Түркмөнстандын аймагында коммунисттик отряддын катарына кошулуп, атчан чалгындоочулардын бири болуп 18 жашында басмачыларга каршы күрөшкөн. 1932-жылы Ташкенттеги Орто азиялык план-экономикалык институтуна өтүп үч жыл окуп, калган эки жылын Самарканд шаарынан улантып 1937-жылы жогорку окуу жайды бүтүргөн.
27 жаштагы өкмөт башчынын орун басары. Жөндөмдүү жигит ЖОЖду бүтөрү менен Кыргыз ССРинин Пландоо комиссиясына жумушка чакыртылып, эл чарбасын өнүктүрүүнүн планын түзүүгө жигердүү катышып экономист болуп иштейт. Андан соң кызматтык тепкичтерди басып өтүп, Кыргыз ССРинин Пландоо комиссиясынын жана Фрунзе облусунун пландоо комиссиясынын төрагасы кызматына чейин жетип, 27 жашында Эл комиссарлар кеңешинин төрагасынын орун басары болуп дайындалган. Ал ошол эле маалда мамлекеттик көзөмөл боюнча элдик комиссар да болуп иштеген.
Төрт-беш саат уктап иштеген. Улуу Ата Мекендик согуш жылдары республикага көчүрүп келген ишкана, завод, жарандарды жайгаштыруу милдети жүктөлгөн. Ал кезде Дыйканбаев төрт-беш саат эле уктап, күнү-түнү эмгектенип өлкөдөгү согуштук өндүрүштү бир күнгө дагы токтоткон эмес. Советтик Кыргызстанга Москва, Харьков, Одесса, Курск, Воронеж шаарларынан 40ка чукул завод, фабрика, ишканалар көчүрүлүп келген. Алар өлкө аймагында өз ишмердүүлүгүн толук улантып, фронтко керектүү азык-түлүк, кийим-кече, ок-дары жиберип турган. Мамлекеттик кызматкер алардын иштешин, чыгарган продукцияларынын көлөмүн өзү көзөмөлдөп текшерчү. Ошондой эле СССРдин батыш райондорунан келген 200 миңдей үй-бүлөнү, курчоодо калган Ленинград шаарынан жол тартып келген жетимдерди, совет бийлиги депортациялаган он миңдеген чечен, ингуш, карачай, балкар, татар улутундагы жарандарды республика аймагына жайгаштырган. Андан сырткары, согуш талаасында жарадар болуп келген жоокерлер Фрунзеде дарыланып, республика аймагындагы санаторийде реабилитациядан өткөн.
Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасы Казы Дыйканбаев, Компартиянын борбордук комитетинин катчысы Исхак Раззаков, акын Насирдин Байтемиров жана драматург Токтоболот Абдумомунов. Москвадагы Кыргыз адабияты менен искусствосунун экинчи декадасы, 1958-жыл
© Фото / из семейного архива Абдумомуновых
Туңгуч тышкы иштер министри. Мыкты уюштургуч, ак дилинен иштеген мамлекеттик кызматкер ошол кезде жогору жактагылардын көзүнө илинип, 1944-жылы Москвага Борбордук комитетке чакыртылат. Ал жылы союздук республикаларга Тышкы иштер министрлигин ачуу чечими кабыл алынып, Дыйканбаев Кыргыз ССРинин биринчи тышкы иштер министри кызматына көрсөтүлөт. СССРдин Тышкы иштер министрлигинде бир нече ай стажировкадан өтүп, чет тилдерди өздөштүрүп, көрүнүктүү дипломаттардан сабак алып тармакка сүңгүп кирет. Көп өтпөй аны Сталин жаш республиканын туңгуч тышкы министри кылып дайындап, Дыйканбаев 40 адамдан турган жамаатты жетектеп кыргыз дипломатиясына чыйыр салган. 31 жаштагы мамлекеттик кызматкер мекемени беш жыл жетектеп, кыргыздардан биринчилерден болуп СССРдин атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси жогорку дипломатиялык рангын алган.
Раззаков менен иштешкен. 1949-жылы партиялык кызматка кетип Кыргызстан компартиясынын өнөр жай, транспорт, курулуш боюнча катчысы, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин төрагасы кызматтарын аркалаган. СССРдин Жогорку Советинин эки, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин үч чакырылышынын депутаты болуп шайланган. 1958-жылы Министрлер Кеңешинин төрагасы болуп өкмөттү үч жылдай башкарып, Исхак Раззаков менен эриш-аркак иштеген.
Казы Дыйканбаев жеке жашоосунда жубайы менен узак убакыт бирге түтүн булатып, эки кыз, бир уулдуу болушкан.
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР
Иштен айдалган өкмөт башчы. 1961-жылы Кыргыз ССРинин Компартиясынын биринчи катчысы Исхак Раззаков менен Министрлер Кеңешинин төрагасы Дыйканбаев Москванын тапшырмасы менен кызматтан алынып, Раззаков Москвага жөнөтүлүп, Дыйканбаев мурдагы кызматына (Кыргыз ССРинин Пландоо комиссиясынын төрагасынын орун басары — ред.) жиберилген. Андай саясий чечимдин кабыл алынуусуна Кыргыз ССРинин башында турган биринчи катчы менен өкмөт башчынын иштери себеп болгон. Алсак, алар 60-жылдардын башында республикадагы мектептердин баштапкы класстарында окуган балдарга акысыз ысык тамак берүүнү, орус мектептерге кыргыз тилин киргизүүнү демилгелейт. Кыязы, экөөнүн андай аракети "борборго" жакпай калгандай. Дыйканбаев Кыргыз ССРинин Пландоо комиссиясынын төрагасынын орун басары болуп иштеп турган 25 жыл ичинде да Москвага байма-бай каттап, каржы булактарын издеп, республика аймагында бир катар ири долбоорлордун ишке ашуусуна көмөктөшүп 1986-жылы ардактуу эс алууга чыккан.
Жүз жашка чукул жашаган. Манас орденинин I жана III даражадагы кавалери кызматка кайсы жерге барбасын таза, так иштеген. Жеке жашоосунда жубайы менен узак убакыт бирге түтүн булатып, эки кыз, бир уулдуу болушкан. Көрүнүктүү мамлекеттик ишмер 2010-жылы 16-февралда 97 жашында бул дүйнөдөн кайткан.