Дүйнөлүк ачылыштарга катышкан кыргызстандык илимпоздор. Сүрөт түрмөк

Кезинде кыргызстандык окумуштуулар башка союздук жана чет элдик кесиптештери менен кызматташып, өлкөнүн өнүгүүсүнө зор салым кошкон. Sputnik Кыргызстан агенттиги ата мекендик илимпоздордун архивдик ирмемдерин сунуштайт.
Sputnik
Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында 1943-жылы СССРдин Илимдер академиясынын кыргыз филиалы ачылып, чоң илимге чыйыр салынган. Жаңы түптөлгөн мекемени согуш маалында академик Константин Скрябин жетектеп, Кыргыз ССРинин айыл чарба, экономикасына кол кабыш кылып, геология, биология, химия, тил жана адабият институттары өз ишмердүүлүгүн баштаган. 11 жылдан кийин Кыргызстандагы эң негизги илимий жай өз алдынча академия болуп, аны Иса Ахунбаев башкарган.
Академияда кийин тарых, медицина, энергия жана суу ресурстарын башкаруу, зоология жана паразитология институттары ишке кирип, илимпоздор экспедицияларды уюштуруп, түрдүү станцияларды куруп, республиканын кокту-колот, тоо-ташын, аска-тоолорун аралап илимий эмгектерин жараткан.
Ал эми 60-70-80-жылдары ата мекендик жетишкендиктер арбып чоң долбоор, курулуш, өндүрүш академик, профессорлордун жардамы жок ишке ашчу эмес. Анда өлкөдө жалпы 18 илимий-изилдөө институту советтик жана чет элдик илимий мекемелер менен жакшы мамиледе болуп далай дүйнөлүк ачылыштарга катышкан.
1 / 16

Ысык-Көлдүн жээгинде археологдор кыш, суу агызган түтүктөрдү чыгарган XIV-XV кылымдарга таандык ишкананы тапкан. Сүрөттө Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын Тарых институтунун отряды, 1961-жыл.

2 / 16

Тянь-Шань аэрологиялык станциясында радиотехник Хасен Шакиров антеннаны тууралап коюуда, 1968-жыл

3 / 16

Фрунзедеги гидротехникалык лабораторияда лаборанттар суунун кыймылын изилдеп жатышат, 1965-жыл

4 / 16

СССРдин Илимдер академиясынын кыргыз филиалынын алгачкы жетекчиси академик Константин Скрябин

5 / 16

Залкар манасчы менен иштешкен жаш илимпоздор. Улуттук илимдер академиясынын Тарых институту, 1965-жыл.

6 / 16

Суу чарба жана энергетика илим-изилдөө институтунун кызматкерлери лабораторияда ирригация боюнча изилдөө жүргүзүүдө, 1972-жыл.

7 / 16

Медициналык институттун студенттери барокамерада эксперимент жүргүзүүдө. Фрунзе шаары, 1978-жыл.

8 / 16

Көлдөгү балыктарды изилдеген ихтиологдор иш учурунда. Ысык-Көл, 1875-жыл.

9 / 16

Лабораторияда иштеген илимий кызматкерлер. Республикада 70-жылдары 60тан ашык илимий жай иштеп, анда 6000ден ашык адам эмгектенген.

10 / 16

Медицина илимдеринин доктору, профессор, академик Арстанбек Алтымышев фармакология лабораториясында кесиптештери менен. Фрунзе шаары, 1972-жыл.

11 / 16

Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын атомдук спектроскопия институтунун лабораториясынын изилдөөчүлөрү иш үстүндө

12 / 16

Тянь-Шань тоолорундагы мөңгүлөрдү изилдеген гляциологдор. 1978-жыл.

13 / 16

СССРдин Илимдер академиясынын Космостук изилдөөлөр институтунун өзгөчө конструктордук бюросунун кызматкерлери. Фрунзеде жайгашкан ал мекеме союз маалында космостук изилдөөлөргө катышкан. 1986-жыл.

14 / 16

Кыргызстандык илимпоздор кезинде дүйнөлүк космонавтиканын өнүгүүсүнө өз салымдарын кошкон. Сүрөттө Фрунзедеги СССРдин Илимдер академиясынын космостук изилдөөлөр институтунун өзгөчө конструктордук бюросунун кызматкерлери космостон маалымат чогулткан "Фрагмент" жабдуусу менен

15 / 16

Улуттук илимдер академиясынын Автоматика институту иштеп чыккан көп функциялуу экскаватор. 1989-жыл.

16 / 16

Фрунзе политехникалык институтунун проректору, геология-минералогиялык илимдердин доктору Усенгазы Асаналиев шакирти менен тоодо. 1989-жыл.