Урмат Самаев Токмоктун мэрлигинен кетип, ордуна Максат Нусувалиев келди

Самаев коррупцияга шектелип кармалып, кийин үй камагына чыгарылган.
Sputnik
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Урмат Самаев Токмок шаарынын мэри кызматынан бошотулуп, ордуна Максат Нусувалиев келди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Максат Нусувалиев
Тиешелүү тескемелерге өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон. Самаев иштен кетүү тууралуу өзү арыз жазган.
Белгилей кетсек, Самаев 17-апрелде мамлекетке 25 миллион сомдон ашык зыян келтирген деген шек менен кармалган. Атайын кызмат анын "Токмок жылуулук" муниципалдык ишканасында туруктуу коррупциялык схеманы уюштурууга тиешеси бар экени аныкталганын билдирген.
19-апрелде анын баш коргоо чарасы Октябрь райондук сотунда каралып, 1-июнга чейин УКМКнын тергөө абагына киргизүү чечими чыккан болчу.
Көп өтпөй Октябрь райондук соту үй камагына чыгарган. Жергиликтүү маалымат каражаттары өздүк булактарынын билдиргенине таянып, Самаев күнөөсүн мойнуна алып, компенсация иретинде 25 миллион сом төлөгөндүгүн жазды.
Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова кызматтан кетти