Шавкат Мирзиёев Өзбекстандын президенттигине ат салышат

Мирзиёев шайлоодо ат салыша турган төртүнчү талапкер.
Sputnik
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Өзбекстандын Либералдык-демократиялык партиясы (УзЛиДеП) азыркы мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёевди президенттикке талапкер катары көрсөттү. Ал шайлоодо ат салыша турган төртүнчү талапкер болгонун Sputnik Өзбекстан жазды.
Маалыматта бул тууралуу УзЛиДеПтин жыйынында белгилүү болгону айтылат.
Мирзиёевге чейин Экологиялык партия Абдушүкүр Хамзаевди, Элдик-демократиялык партия Улугбек Иноятовду, "Адолат" социал-демократиялык партиясы Робахон Махмудованы көрсөткөнү белгилүү.
Маалым болгондой, Өзбекстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 9-июлда өтөт. Ал эми добуш 28-июндан 5-июлга чейин берилет.
Өзбекстанда кезексиз президенттик шайлоого талапкерлерди көрсөтүү 17-майда башталып, 1-июнда аяктайт. 15-майга чейин саясий партиялар шайлоого катышуу үчүн документтерин БШКга тапшырышы керек.
Эрдоган Россияга тап берген Түркиядагы оппозицияны сынга алды