БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги 20-майга чейин Ош облусунда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Синоптиктердин айтымында, 14-майда айрым жерлерде өткүн өтүп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Алэми 15-майда күначык болот.
16-майдан тарта жуманын аягына чейин айрым жерлерде өткүн өтүп, абанын температурасы 32 градуска чейин көтөрүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн.