БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Метеорологиялык байкоо жүргүзүүгө ылайыкталган "Долон" кар көчкү станциясы ачылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Станцияны ӨКМ Япония өкмөтү менен БУУнун ортосундагы кызматташтыктын алкагында ачкан
© Фото / пресс-служба МЧС КР
Аталган станция Бишкек — Торугарт унаа жолунда, ошондой эле Кызыл-Бел, Калмак-Ашуу жана Төө-Ашууда көр көчкү түшүү кооптуулугуна мониторинг жүргүзүп, божомол кылууга жардам берет.
"Мындан сырткары, станция аймакта кардын көлөмү канча түшкөнүн жана жаз, жай айларында жааган жамгырдын көлөмүнө карап суу ресурсун тактоого мүмкүндүк түзөт. Бул экономикалык жактан да жакшы натыйжа берет", — деген министрдин биринчи орун басары Азамат Мамбетов.
Имарат толук жаңы жабдуулар менен камсыздалган.
Ушундай эле станциялар башка аймактарда да курулат.
Станцияны ӨКМ Япония өкмөтү менен БУУнун ортосундагы кызматташтыктын алкагында ачкан.