БИШКЕК, 13-май. — Sputnik. Кыргызстанда маммолог болгусу келип, бул багытта билим алган жаштар көп. Бирок илимдин өзүнө жакшы көңүл бурулбай келет. Бул тууралуу Sputnik радиосунун эфиринде Кыргыз-Россия Славян университетинин онкология жана нур терапиясы кафедрасынын профессору, медицина илимдеринин доктору, онколог, маммолог Кыял Макиева билдирди.
Анын айтымында, аталган тармакта кемчиликтер жок эмес.
© Sputnik / Асылбек Бактыбеков
"Маммология тармагы өтө кызыктуу жана кенен. Мисалы, УДИ, маммография, биопсия, хирургия, реконструкция сыяктуу бөлүмдөрү көп. Ординатор, студенттерде абдан кызык. Башкача айтканда, жылына 15 ординатор келсе, анын сегизи маммолог болууну каалашат", — деди профессор.
Анткен менен адис эмчектин залалдуу шишигин илимий жактан изилдөө иштерине каржылоо жетиштүү каралбай келерин айтат.
"Мисалы, Японияда мурда ашказан рагы биринчи орунда турчу. Аны изилдеп, күрөшүү жолдорун таап отуруп, 10-орунга жылдырышкан. Азыр бизде эмчек рагы алдыңкы катарларда", — деди дарыгер.