Кочкор-Ата шаарында 42 окуучу белгисиз затка ууланды

12-13-май күндөрү мектепти дезинфекциялоо иштери жүргүзүлгөн. Алэми сабактар башка күндөргө жылдырылган.
Sputnik
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Жалал-Абаддагы Кочкор-Аташаарында 42 окуучу белгисиз затка ууланганын Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.
Окуя 11-майда №15 Семетей Беки уулу атындагы орто мектепте болгон.
Маалыматка ылайык, Кочкор-Ата мэриясынын буйругу менен медицина кызматкерлери 6-7-8-класста окуган 100дөй балага лекция окуган. Бул маалда 3-4 окуучу өзүн жаман сезип, эс-учун жогото баштаган.
Мугалимдер Тез жардам кызматын чакырып, Кочкор-Ата жалпы дарыгердик практикалык борборуна 42 окуучу жеткирилген. Анын ичинен 14 бала үйүнө чыгарылып, 28 окуучу дарыгерлердин көзөмөлүнө алынган. Учурда абалдары туруктуу.
Жергиликтүү администрациянын жана оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө борборунун көрсөтмөсүнө ылайык, 12-майдагы сабактар 20-майга, 13-майдагы сабактар 25-майга жылдырылган. 12-13-май күндөрү мектепти дезинфекциялоо иштери жүргүзүлгөн.
Азыркы учурда тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат. Анын жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.
Аталган мектепте жалпы 1 132 окуучу билим алат.
Министрлик Ошто окуучу кыздар атырга ууланган эмес деген билдирүү таратты