Караколдун мэри Эрмат Жумаев Талас шаарын башкармай болду

Ал эми Таластын мэри башка кызматка барат.
Sputnik
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Талас шаарынын мэри Аскар Шабданов кызматынан бошотулуп, ордуна Эрмат Жумаев дайындалганын президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Тиешелүү тескемелерге мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койду.
Шабданов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматтан кетүү арызын жазган.
Дагы бир тескеме менен Каракол мэри кызматына Чыңгыз Бапаев дайындалды.
Эске салсак, Эрмат Жумаев буга чейин Караколдун мэри болчу.
Урмат Самаев Токмоктун мэрлигинен кетип, ордуна Максат Нусувалиев келди