Баласынын кылмышын өзүнө алган. Курсант кыздын өлүмү боюнча чыныгы шектүү кармалды

Өлкөдөн мыйзамсыз чыгып кетүүгө аракет кылган негизги шектүү колго түштү.
Sputnik
БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Бишкекте 1998-жылкы Айза Улан кызынын өлүмү боюнча чыныгы шектүү кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын январь айында ИИМ Академиясынын курсанты Айза Улан кызын машина сүзүп кеткен. Кылмышка шектүү катары ички иштер органдарынын мурдагы кызматкери У.Н.А. аттуу жаран кармалган. Бирок анын оорусуна байланыштуу сот үй камагына чыгарган. Кийин Бишкек шаардык прокуратурасы аталган кылмыш ишти өз өндүрүшүнө алып, тергөө амалдарын жүргүзгөн. Натыйжада кырсык болгон учурда машинанын рулунда У.Н.А. эмес, анын У.Э.Н. аттуу уулу болгону аныкталган.
"Ички иштер органдарынын мурдагы кызматкери, жазык сот өндүрүшүн жүргүзүү боюнча теориялык билими жана тажрыйбасы бар У.Н.А. уулунун бул кылмышка катыштыгын жашыруу максатында оорусу жана майыптыгы анын камакта кармалышына алып келбестигин билип туруп, кылмышты өзү жасагандыгы тууралуу көрсөтмө бергендиги аныкталды. Ал ошону менен уулун кылмыш жоопкерчилигине тартуудан сактап калууга далалат кылган", — деп айтылат маалыматта.
Өлкөдөн мыйзамсыз чыгып кетүүгө аракет кылган негизги шектүү У.Э.Н. тергөө иш-чараларынын натыйжасында прокуратура кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын аймагынан кармалып, ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда прокуратура тарабынан иш боюнча бардык жагдайларды аныктоого жана тиешеси бар адамдарды жоопкерчиликке тартууга багытталган тергөө амалдары улантылууда.
Окуучулар кабылган автокырсык: реанимациядагы балада жылыш бар, айдоочу комада