250 күн гитлерчилердин камалоосунда турган Крымды бошотуу. Тарыхый окуянын видеосу

Крымдагы жеңилүү гитлерчилер үчүн Сталинград салгылашуусуна тете катастрофа болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Советтик жоокерлердин Крымды бошотуу боюнча операциясы 1944-жылдын 12-майында соңуна чыгып, 200 миң кишилик 17-немец армиясы менен румын дивизиялары талкаланган.
Тарыхый окуя тууралуу Ближнее заребежье Telegram-каналы жазып, архивдик видео жарыялады.
Адмирал Николай Кузнецовдун окуя жөнүндө эскерүүсүндө операциянын өзү 1944-жылдын 8-апрелинде төртүнчү Украина фронтунун чабуулу менен башталганы айтылат. Туура эки күндөн кийин душман чегине баштаган. 11-апрель күнү Керчь, 13-апрелде Симферополь бошотулган. Эки күндөн кийин советтик жоокерлер Севастополго жакындап келишкен. 9-май күнү шаар бошотулуп, үч күн өтүп каршы тараптын акыркы күчү Херсонес тумшугунда жок кылынат.
Крымдагы жеңилүү гитлерчилер үчүн Сталинград салгылашуусуна тете катастрофа болгон.
Брест чебин коргогон кыргыз полку. Германиянын архивинен табылган тарых