Пресс-борбор

Министр Слепнев: ЕАЭБ менен Кытай транспорттук коридорлорду өнүктүрөт

Кытай менен ЕАЭБдин ортосунда товар жүгүртүүнүн көлөмү жыл сайын өсүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 12-май — Sputnik. ЕАЭБ мамлекеттери менен Кытай транспорттук коридорлорду өнүктүрөт. Бул тууралуу ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев билдирди.
Ал Sputnik агенттигинин маалымат борборунда өткөн видео көпүрөгө катышты. Министрдин айтымында, 2022-жылы Кытай менен ЕАЭБдин ортосунда товар жүгүртүү 215 миллиард долларды түзүп, рекорд койгон. Көрсөткүч дагы деле өсүүдө.
"Биз Кытай менен транспорт жана логистика жаатында кызматташып келебиз, бул өтө маанилүү. ЕАЭБдин жайгашкан жери географиялык жактан алып караганда уникалдуу, континенттин ичинде транспорттук коридорлорду өнүктүрүүгө болот. Мындан тышкары, биз технология, жаңы финансылык система, азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздук жаатында кызматташабыз", — деди Слепнев.
Ал биримдиктеги мамлекеттердин Кытай менен кызматташуудагы келечексиз багыттары жокко эсе экенин кошумчалады.
Пресс-борбор
Ысык-Көлдүн мүмкүнчүлүктөрү чоң. ЕЭК министринин туризм боюнча пикири