Чүйдө сүт махинациясына бөгөт коюлуп, бир уюштуруучусу кармалды

Жашыруун цехтердин ишмердүүлүгү жылына 140 миллион сомдон ашып турганы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Чүйдө сүттү түздөн-түз завод-фабрикаларга жеткирүүгө тоскоолдук кылып, элден сүттү арзан баада сатып алып жүргөн ортомчулардын ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
1 / 5

Чүйдө сүттү түздөн-түз завод-фабрикаларга жеткирүүгө тоскоолдук кылып, элден сүттү арзан баада сатып алып жүргөн ортомчулардын ишине бөгөт коюлду

2 / 5

Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө сүт сатып алуучулар ашкере пайда көрүү максатында санитардык нормаларды сактабай иштеп жүргөнү аныкталган

3 / 5

Тагыраагы, үй шартында быштак жана кычкыл сүт азыктарын өндүрүү үчүн чийки сүттү Бишкектин ири базарларында сатуу менен алгачкы иштетүүнү жүргүзүп, андан калган сүттү заводдорго жеткиргени аныкталган

4 / 5

Сүткө ар кандай кошулмаларды кошуп көбөйткөнү айтылат

5 / 5

Мындан сырткары, салык төлөөдөн качып келишкен. Жашыруун цехтердин ишмердүүлүгү жылына 140 миллион сомдон ашып, салыктык карыздын суммасы 34 миллион сомго чукулдаганы белгиленди

Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө сүт сатып алуучулар ашкере пайда көрүү максатында санитардык нормаларды сактабай иштеп жүргөнү аныкталган. Тагыраагы, үй шартында быштак жана кычкыл сүт азыктарын өндүрүү үчүн чийки сүттү Бишкектин ири базарларында сатуу менен алгачкы иштетүүнү жүргүзүп, андан калган сүттү заводдорго жеткиргени аныкталган. Сүткө ар кандай кошулмаларды кошуп көбөйткөнү айтылат.
Мындан сырткары, салык төлөөдөн качып келишкен. Жашыруун цехтердин ишмердүүлүгү жылына 140 миллион сомдон ашып, салыктык карыздын суммасы 34 миллион сомго чукулдаганы белгиленди.
10-майда чийки сүт өндүрүүчүлөрдүн ишин уюштургандардын бири А.М. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда Салык кызматы тарабынан республикалык бюджетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча текшерүү жүргүзүлүүдө.
Россияга сүт экспорттоо эмне үчүн токтоду? Өкмөттүн жана депутаттын пикири