Расмий сапарлар: Жапаров Казакстанга барып, Лукашенко Кыргызстанга келет

Визит тууралуу Москвада президенттердин жолугушуусунда сүйлөшүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров быйыл Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу боюнча Казакстанга расмий сапары менен барат. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Асеин Исаев "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.
Бирок ал расмий сапардын так датасын айткан жок.
Ал эми Беларусь лидери Александр Лукашенко Жапаровдун чакыруусу менен ноябрда Кыргызстанга келерин айтты. Визит тууралуу Москвада президенттердин жолугушуусунда сүйлөшүлгөн.
Жапаров Путинди быйыл Кыргызстанга расмий иш сапары менен келип кетүүгө чакырды