Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Дагы көп бар. Кремль атайын операциянын аткарылышына баа берди

Россия Украинадагы атайын операциясын 2022-жылдын 24-февралында баштаган.
Sputnik
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Биринчи кезекте Донбасс жашоочуларынын коопсуздугун камсыздоо каралган россиялык атайын операция жарым-жартылай максатына жетти, бирок бүтөрүнө дагы көп бар. Бул тууралуу Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков айтканын РИА Новости жазды.
"Эң башында, былтыркы жылдын 24-февралында эле РФ президенти (Владимир Путин) биринчи кезекте Донбасста жашаган адамдардын, сегиз жылдан бери өз өлкөсүнүн огунан запкы тартып келген элдин коопсуздугу сакталышы керектигин билдирген", — деди ал сербиялык ATV каналына маек куруп жатып.
Песковдун айтымында, Москва бул тапшырманы жарым-жартылай аткарды. Кремлдин өкүлү Донецк баштаган шаарлардын дагы деле аткыланып жатканын, Киев режими акталган уран камтылган ок-дарыны пайдаланып жатканын белгиледи.
"Демек, биз каршы тарапты болушунча алыс аралыкка сүрүп чыгышыбыз керек", — деди Песков.
Эскерте кетсек, Россия Украинадагы атайын операциясын 2022-жылдын 24-февралында баштаган. Владимир Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан басмырлоого, кыргынга учураган адамдарды коргоо" экенин белгилеген. Анын айтымында, атайын операция аргасыздан жасалган кадам, анткени Россиянын "коопсуздук жаатындагы жаралган тобокелдиктерге мындан башка жол менен жооп берүүсүнө мүмкүн болбогон кырдаал түзүлгөн".
Путин Москванын НАТО менен Европадагы коопсуздук принциптери тууралуу 30 жылдан бери сүйлөшүүгө жасаган аракетинен майнап чыкпай, алдамчылыкка, басымга кабылып келет. Ал арада альянс эскертүүлөргө карабай Россиянын чек арасына жакындагандан жакындоодо.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина Куралдуу күчтөрүнүн "контрчабуулу" акылга сыйбаган өңүт алууда