Бишкекте басып алынган жерлерге 10 миңден ашык техпаспорт берилди

Министрлик техникалык паспорт берүү жерди мыйзамдаштырууга жатпай турганын эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Бишкек шаары боюнча өзү билемдик менен басып алынган жерлерге 10 744 техникалык паспорт берилди. Бул туурасында Айыл чарба министрлиги билдирди.
Алар төмөнкү райондордо жайгашкан:
Ленин району – 2 392:
Биринчи май району – 4 859;
Свердлов району – 3006;
Октябрь району – 487.
Министрлик техникалык паспорт берүү жерди мыйзамдаштырууга жатпай турганын, анда турак жай тууралуу техникалык маалымат гана чогултуларын эскертти.
Ошондой эле өзү билемдик менен үй курулган участоктордун баары эле мыйзамдаштырылбай турганы белгиленди. Санитардык нормаларга туура келбеген, газ түтүктөрү өткөн, таштанды полигондор менен мүрзөлөрдүн жанындагы, электр чубалгыларынын алдындагы жерлер жөнгө салынбайт. Мындай категориядагы жер тилкелери 2 000 гектардан ашат. Бул жагдайды жөнгө сала турган атайын мыйзам долбоору иштелип жатат.
Президенттин администрациясы жер тилкелерин мыйзамдаштыруунун тартибин түшүндүрдү