"Алтын тамга" тести: быйыл 167 окуучу артыкчылык аттестатын ала турган болду

Тесттин жеңүүчүлөрү 2 миңдей окуучунун арасынан озуп чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Кыргызстанда быйыл 167 окуучу артыкчылык аттестатын алат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Алар жалпы республикалык "Алтын тамга" тестирлөөсүнө катышкан 11-класстын 2 миңдей окуучусунун арасынан алдыга озуп чыккан.
Артыкчылык аттестатына ээ болчу окуучулар аймактар боюнча:
Баткен облусунан 14 окуучу;
Бишкек шаарынан 76 окуучу;
Жалал-Абад облусунан 10 окуучу;
Нарын облусунан 6 окуучу;
Ош шаарынан 8 окуучу;
Ош облусунан 20 окуучу;
Талас облусунан 5 окуучу;
Чүй облусунан 21 окуучу;
Ысык-Көл облусунан 7 окуучу.
Белгилей кетсек, 10-11-класстар үчүн бардык окуу сабактары боюнча чейрек, жарым жылдык жана жылдык баалары "5" (эң жакшы) деген баадан төмөн эмес болгон талапкерге "Алтын тамга" тестин тапшыруу укугу берилет.
Жалпы республикалык тестирлөөдөн өтчү күндөр белгиленди