Улуттук банк элди банкнота жана монеталардын көргөзмөсүнө чакырууда

Маданий иш-чара айдын аягына чейин созулат.
Sputnik
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Улуттук валюта — сомдун жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында нумизматикалык көргөзмө өтөт. Бул туурасында Улуттук банктын маалымат кызматы билдирди.
Көргөзмө 12-майдан 31-майга чейин Улуттук тарых музейинде болот. Анда Кыргызстандын улуттук валютасынын өнүгүү тарыхы, анын ичинде 1993-2017-жылдары чыгарылган банкноталардын үлгүлөрү, ошондой эле коллекциялык монеталар тууралуу экспозициялар чыгарылат. Ачылыш аземи жума күнү саат 10:00дө башталат.
"Өз элинин тарыхына, акчанын келип чыгышы жөнүндө маалыматтарга жана Улуттук банк тарабынан чыгарылган нумизматикалык баалуулуктарга кызыккан бардык адамдарды көргөзмөгө чакырабыз", — деп жазылат маалыматта.
Радио
Самудинов: Тарых музейинде 100 миңдей экспонат түп нускада сакталган