БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Армения жетекчилигинин ЖККУ ишинин натыйжалуулугун талкууга алгысы келгени акылга сыйгыс нерсе. Бул тууралуу брифингде Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова билдирди.
"Биз Еревандын ЖККУну ачык сынга алышы жакшы жыйынтык бербейт деп ойлойбуз. Армения жетекчилигинин уюмдун ишинин натыйжалуулугун өзүнөн тышкары талкуулоого умтулушу таң калыштуу. Анткени ЖККУда бул үчүн бардык зарыл форматтар жана жолдор бар. Башкысы, уюмдун мүчөлөрү бардыгын укканды жана бул багытта иш жүргүзгөндү билет", — деди Захарова.
Ал белгилегендей, Москва 4-майда Прагада Армения жетекчилигинин Евробиримдиктин бул өлкөдөгү миссиясына берген баасын да укту.
Захарова Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын "Евробиримдиктин байкоочуларын чакыруу чечими оңой болгон жок, анткени ал эч кандай коопсуздук кепилдиктерин бербейт жана жаңы чакырыктарды жаратышы мүмкүн" деген билдирүүсүн эске салды.
"ЕБ менен ЖКУУга болгон чоң үмүттөр чындык менен дал келбей жаткандыр? Биз армян өнөктөштөрдөн ЖККУнун миссиясын Арменияга жана башка жерге жайгаштыруу боюнча олуттуу иштерди жандандыруучу кадамдарды күтөбүз. Россия тарап мындай ишке даяр, муну Ереван жакшы билет", — деди Захарова.