Пакистанда экс-премьер кармалгандан кийин башаламандык башталды

Нааразылык акциясына бир нече жүздөгөн кишилер чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Мурдагы өкмөт башчы Имран Хан камалгандан кийин шейшемби күнү Пакистанда башаламандык башталганын РИА Новости билдирди.
Полиция кечээ саясатчыны бир нече ирет камалоого алып, андан соң резиденциясынан кармап кеткен.
Жергиликтүү ЖМКлардын маалыматына караганда, Карачи, Лахор жана Фейсалабад шаарларында тартип коргоо органдарынын өкүлдөрү көздөн жаш агызуучу газ колдонгон. Исламабад менен Пешаварда экс-премьердин тарапташтары көчөлөрдү тосуп алышкан.
Аталган шаарларда нааразылыкка чыккандар полициянын автоунааларын өрттөп, мамлекеттик мүлккө зыян келтиришкен дешти.
Имран Ханды Отчёттуулук боюнча улуттук бюронун кызматкерлери (экономикалык чалгын) "Аль-Кадир" трасты боюнча камакка алган. Бул окуядан кийин "Техрик-и-Инсаф" партиясы жапырт митингге чыккыла деген маанайдагы чакырык таштаган.
Буга чейин Отчёттуулук боюнча улуттук бюро Ханга, анын аялы жана "Техрик-и-Инсаф" партиясынын лидерлерине карата иликтөө ишин баштаган. Тергөөнүн версиясына караганда, Аль-Кадир университетин түптөө үчүн траст негиздешип, мындай кадамы менен мамлекеттик казынага 50 миллиард (15 миллиард 50 миллион сомго чукул же 17 миллион доллардын тегерегиндеги сумма) рупия чыгым тарттырган.
Пакистанда миңдеген адам катышкан митинг өтүп жатат. Видео