БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Пакистандын бийлиги башаламандыктан улам Исламабадга аскер бөлүктөрүн киргизди. Бул тууралуу РИА Новости полицияга шилтеме берип жазды.
"Калаага армия чакырылды. Алар шаардын ар кайсы жерине бөлүнүп, полиция менен бирге коомдук коопсуздукту камсыздайт", — деп калаанын полициясы Twitter-аккаунтуна жазган.
Тартип сакчыларынын айтымында, митингчилер полициянын бөлүмүн, сооттолгон унаасын жана жеке машиналарын өрттөп салышты.
Эске салсак, мурдагы өкмөт башчы Имран Хан камалгандан кийин шейшемби күнү Пакистанда башаламандык башталган.
Имран Ханды Отчёттуулук боюнча улуттук бюронун кызматкерлери (экономикалык чалгын) "Аль-Кадир" иши боюнча камакка алган. Бул окуядан кийин оппозициялык "Техрик-и-Инсаф" партиясы жапырт митингге чыккыла деген маанайдагы чакырык таштаган.
Буга чейин Отчёттуулук боюнча улуттук бюро Ханга, анын аялы жана "Техрик-и-Инсаф" партиясынын лидерлерине карата иликтөө ишин баштаган. Тергөөнүн версиясына караганда, Аль-Кадир университетин түптөө үчүн траст негиздешип, мындай кадамы менен мамлекеттик казынага 50 миллиард (15 миллиард 50 миллион сомго чукул же 17 миллион доллардын тегерегиндеги сумма) рупия чыгым тарттырган.