Дүйнө баягы "Евровидение" сынагын жоготтубу... Видео

Sputnik
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Европада 9-майда "Евровидение" музыкалык конкурсунун жарым финалы болуп, анда өтө "өзгөчөлөнгөн" катышуучулар чогулду. Жарым финалдын жыйынтыгына туруктуу көрүүчүлөрдүн ичи чыккан жок...
Англиянын Ливерпуль шаарына сынакка 15 мамлекеттин өкүлдөрү тандоо турунан өтүү үчүн келген. Жарым финалда калыстар тобу 10 мамлекеттин ырчыларын тандап алды. Алар: Хорватия, Молдова, Швейцария, Финляндия, Чехия, Израиль, Португалия, Швеция, Норвегия жана Сербия болду.
Sputnik Ближнее зарубежье сынакта өз өнөрүн тартуулаган ырчылардын, музыкалык топтордун номерлерин чогултуп, жарыялады.
...Музыкалык чыгарма катары эстетикалык ырахат тартуулоо туурасында сөз кылуу мындай турсун, кайрадан көз токтотуп карап чыгуу же аярлап угуу бир топ эле кыйын болчудай.
"Евровидение" кезегинде дүйнө коомчулугуна мыкты чыгармаларды берген, миллиондордун табитин тарбиялаган, эстетикасы жогору сынак болгон. Айтмакчы, ал 1956-жылы түптөлгөн. Шоу-бизнестин деңгээли бийик конкурстарынын ана башында турган. Бир топ аткаруучулардын, ырчылардын бактысын ачкан. Азыркыга чейин өзүнүн аудиториясы бар ABBA сымал музыкалык топторду, Селин Дион сындуу ырчыларды ааламга тааныткан.
Быйыл, 2023-жылы, "Евровидение" 67-ирет өтүп жатат. Тилекке каршы, көптөрдү суктанткан эмес, капыстан карай салсаң чочуткан, деңгээли түшкөн, жыл айланбай унутта калчу "чыгармалар" менен коштолууда. Дүйнө баягы "Евровидениени" жоготту...
Россиялык искусствону да тартып алгылары барбы? Ой толгоо