Бокс боюнча чемпионатта кыргызстандык спортчу тарыхта биринчи ирет медаль утмакчы

Булгаары мээлей чеберлеринин күч сынашы 14-майда соңуна чыгат. Кыргызстандын Өзбекстанга аттанган командасында 13 спортчу бар.
Sputnik
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Кыргызстандык Мунарбек Сейитбек уулу Бокс боюнча дүйнө чемпионатында жарым финалга чыкты.
Чейрек финалда тажикстандык Асрор Вахидовду жеңди. Кыргызстандык мушкер эми өзбекстандык боксчу менен беттешет.
Мелдеш Өзбекстанда өтүп жатат. Кыргызстандык мушкер соңку беттешинде тажикстандык боксчуну жеңип алган, эми ал өзбек мушкери Абдумалик Халоков менен күч сынашат. Сейитбек уулу тарыхта биринчи ирет дүйнө чемпиондугунда Кыргызстанга медаль алып келмекчи. Анын коло, күмүш же алтын экенин алдыдагы беттештер аныктайт.
Аталган таймаш Ташкент калаасында 30-апрелде башталган. Булгаары мээлей чеберлеринин күч сынашы 14-майда соңуна чыгат. Кыргызстандын Өзбекстанга аттанган командасында 13 спортчу бар.
Боксчу Эркин Адылбек уулу Венгриядагы эл аралык турнирде алтын алды