Акыркы коңгуроо боюнча министрдин буйругу чыкты. Чоо-жайы

Райондук, билим берүү бөлүмдөрүнүн жооптуу кызматкерлеринин күнү-түнү күзөт уюштуруу зарылдыгын айтышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздугун сактоо максатында акыркы коңгуроо салтанатынан сырткары иш-чараларды уюштурууга тыюу салган буйрук чыгарды. Бул тууралуу аталган ведомстводон кабарлады.
Андан сырткары, бүтүрүү кечесине акча чогултууга бул сапар да тыюу салуу болгонун белгилешти.
Акыркы коңгуроону өткөрүүдөгү коопсуздук чараларын камсыз кылуу жоопкерчилиги билим берүү уюмдарынын жетекчилерине жүктөлмөкчү.
Буйрукка ылайык, Бишкек, Ош шаардык билим берүү башкармалыктарынын жана райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери төмөндөгүлөрдү аткарууга тийиш:
райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жооптуу кызматкерлери тарабынан күнү-түнү күзөт уюштуруу;
билим берүү уюмдарынын аймагынан тышкары өткөрүлгөн салтанаттуу иш-чараларда окуучулардын өмүрүнүн коопсуздугуна ата-энелер жооптуу экени тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
"Буйрукту аткарбаган билим берүү уюмдарынын жетекчилерине кызмат орундарынан бошотууга чейинки тартиптик чаралар көрүлөт", — деп айтылган таратылган маалыматта.
Жалпы республикалык тестирлөөдөн өтчү күндөр белгиленди