ИИМ Кыргызстанда каржы пирамидасын уюштурган ишканаларды тизмектеп берди

Каржы пирамидасына алдангандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында, Ош жана Ысык-Көл облустарында катталган.
Sputnik
БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Кыргызстанда 2022-жылы каржылык пирамидаларды уюштуруу фактысы боюнча 1052 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
"Жогорудагы фактылардын көпчүлүгү Бишкек шаарында, Ош жана Ысык-Көл облустарында катталган. Жалпысынан 1052 адам жабыркап, келтирилген материалдык чыгым 273 миллион сомдон ашкан. Анын 481 миң сомдон ашыгы ээлерине өндүрүлүп берилген", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми быйыл үч айдын ичинде каржылык пирамидаларын уюштуруу фактысы боюнча 54 кылмыш иши козголду.
Ички иштер министрлиги каржы пирамидаларын уюштурган ишканаларды тизмектеп берди.
Бишкек шаары боюнча:
"Мега Инвест", "Элиза үй буюмдары", "Асыл айымдар", "Финико", "Файв виндс ассет мейважмемт" жана "ОК платформа".
Ош шаары боюнча:
"Ордо-Мурас".
Ысык-Көл облусу боюнча:
"Арууке", "Жүрөккө жүрөк", "Балыкчы ынтымагы".
Нарын облусу боюнча:
"Мега Инвест" жана "Элиза үй буюмдары".
Интернет аркылуу акчаңызды шыпырып кеткендерден абайлаңыз. ИИМден кеңеш