Кычышуу, жөтөл. Кайыңга болгон аллергиянын белгилери

Адис кайыңга болгон аллергия майдын орто ченинен баштап азаярын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Учурда бак-дарактар гүлдөп, аллергиясы бар адамдарга ыңгайсыздыктарды жаратууда. Алардын арасында ак кайың да бар. Ага болгон аллергиянын белгилери кандай болорун аллерголог-иммунолог Мария Фоминых Известияга курган маегинде айтып берди.
"Негизги белгилерге кычышуу, көздүн жана тамактын кызарышы, жөтөл, исиркектер кирет", — деп билдирген Фоминых.
Анын айтымында, бул белгилер алма, алмурут, жаңгак, сабиз, киви жана жашылчаларга болгон аллергия учурунда да байкалат.
Дарыгер кайың май айынын ортосуна чейин, кээ бир учурда майдын аягына чейин гүлдөй турганын кошумчалаган.
"Адатта май айынын ортосунда кайыңга болгон аллергиялык реакция азайып калат, бирок терек менен эмен гүлдөй баштаганына байланыштуу аллергия кайрадан күч алышы мүмкүн", — деген адис.
Тукумсуздукту өспүрүм кезде аныктоо мүмкүн эмес, бирок алдын алса болот. Маек