Гастроэнтеролог тоок этинин эң зыяндуу бөлүгүн айтты

Адис тооктун этинен терисин сыйрып салууну сунуштаган.
Sputnik
БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Россиялык гастроэнтеролог Наталья Сычева Sputnik радиосуна курган маегинде тоок этинин эң майлуу жери кайсы экендигин, андагы пайдалуу заттарды сактап калуу үчүн кандай жолдор менен бышырса болорун айтып берди.
"Негизинен туура тамактануу үчүн тооктун төшүн сунуштап келишет. Бирок ага тооктун сан эттерин да кошсо болот. Сан эттерин түшкү тамактанууда, төштү кечки тамактанууда жеген туура. Төш этте май аябай аз болот. Ал эми сан эт майлуулугу боюнча кадимки мал этине окшош", – деди адис.
Ал тооктун этинин адам организмине зыян тийгизе турган бөлүгү – бул анын териси экендигин белгиледи.
"Анда май аябай көп болгондуктан аны сыйрып салган туура. Көп адам тоок этинин зыяны жок деп малдын, чочконун этинен баш тартып, канаттуулардын этине өттү. Бирок алар тоок этинин терисин сыйрыбай жесе, ошол эле кадимки майлуу малдын этин жегендей болот", – деп эскертти Наталья Сычева.
Диетолог тоок этинин организмге пайдасын сактап калуу менен аны бышыруунун жолдорун да айтты.
"Эң пайдалуусу – бууга бышыруу, кайнатуу, мешке бышырса да болот, бирок аны кызарта күтүүнүн кажети жок. Көбү анын кыпкызыл болуп катырап турганын жакшы көрөт, бирок ал көп деле пайдалуу эмес. Өзгөчө кант диабети барлар абайлашы керек, терисине кам көргөндөр да аны кызарта бышырып жебегени оң", – дейт Сычева.
Улгайган адамдар кара моюл жесин. Диетологдун кеңеши