Россиянын дагы эки шаарында Кыргызстандын башкы консулдуктары пайда болот

Башкы консулдуктар кыргызстандыктардын Россияда мыйзамдуу жана ыңгайлуу жүрүүсү үчүн ачылат.
Sputnik
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Россиянын Санкт-Петербург жана Казань шаарларында Кыргызстандын башкы консулдуктары пайда болот. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, тиешелүү жарлыктарга президент Садыр Жапаров кол койду.
"Документтерге Кыргызстандын жарандарынын Россияда мыйзамдуу жүрүүсүнө көмөк көрсөтүү максатында кол коюлган", — деп айтылат маалыматта.
КР Тышкы иштер министрлигинин сайтындагы маалыматтар боюнча, учурда Россияда Кыргызстандын эки гана башкы консулдугу (Екатеринбург жана Новосибирск шаарларында) бар.
Жапаров Путинди быйыл Кыргызстанга расмий иш сапары менен келип кетүүгө чакырды