Сагынган кыздын жүз аарчысы, Кыргызстандын акчасына чыккан танк. Баатырлар баяны

Быйыл Улуу Ата мекендик согуштагы Жеңишке 78 жыл толот. Кандуу кармашка Кыргызстандан 365 миңден ашык эр-азамат аттанган. Анын 160 миңден ашыгы мекенге кайтпай калган. 74 жоокер Советтер Союзунун Баатыры болсо, 30 жоокер Даңк орденинин үч даражасын тең алган.
Sputnik
Улуттук тарых музейинин агартуу бөлүмүнүн башчысы Өмүрбек Самудинов согуш баатырларынын эрдиктерин баяндап берди. Мындан тышкары, Советтик армиянын фашисттерди жеңишинде ооруктагылардын да эмгеги зор экендигин белгилеп, ошол кездеги жашоочулар колдонгон буюмдарды көрсөттү.
Тема боюнча:
Үч күн жашаган жубайы жоокердин бел боосун салынып өмүр бою күттү. Эскерүү маеги
Улуу Жеңишке кайраты, ар-намысы менен жеткен кыргызстандыктар. Сүрөт түрмөк