Лиля Турусбекова 1933-жылы 8-майда Фрунзе шаарында жарык дүйнөгө келген. Атасы атактуу жазуучу Жусуп Турусбеков фронттон көз жумганда ал тогуз жашта болгон. Борбор калаадагы мектепти аяктаган соң Москвадагы Мамлекеттик кинематография институтунун режиссёрлук факультетине тапшырып, кыргыз жаштарынын арасынан биринчилерден болуп ЖОЖду аяктап, мекенге кайтып келген. Жаш киночу 1955-жылдан баштап Фрунзедеги студияда эмгектенип, ал жакта 20дан ашык даректүү тасмаларды тарткан. 60-жылдары толук метраждуу кинофильмдерди тартуу менен алектенген. Турусбекова чыгармачылыгында жалпы 32 даректүү кинокартина тартып, "Советтик Кыргызстан" киножурналынын 65 чыгарылышын даярдаган. Ошондой эле башка кесиптештеринин тасмаларда редактору болгон. Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген ишмер 2001-жылы 68 жашында бул дүйнө менен кош айтышкан.
Тема боюнча: