Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украинанын учкучсуз учактары өткөн түнү Крымга кол салууга аракет кылды

Севастополдун губернатору учактардын бири токойго кулаганын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Украина Крым менен Севастополду көздөй он учкучсуз учак жөнөттү. Бул тууралуу өзүнүн Telegram-каналында шаардын губернатору Михаил Развожаев жазды.
"Өткөн түнү абадан коргонуу күчтөрү менен электрондук согуш системалары Севастополго жасалган кезектеги чабуулдун мизин кайтарды. Бир пилотсуз учак башкаруусун жоготуп, 5 чакырым алыстыктагы токойго түштү. Учактын калдыктарын ИИМ жана ӨКМ кызматкерлери тапты", — деп жазды ал.
Ошондой эле жетекчи шаарда эч кандай объектилерге зыян келтирилбегенин айтып, бардык кызматтар кырдаалды көзөмөлдөп жатканын кошумчалады.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россиянын бомбалары Украина Куралдуу күчтөрүнүн дараметин начарлатууда