БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Кыргызгидромет эмки жумада Талас облусунда аба ырайы кандай болору тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, 8-майдан 11-майга чейин жаан-чачын күтүлбөйт.
12-13-14-майда айрым жерлерде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.
Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 12-13-майда айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.