Дүйнөгө тараган Өчпөс от. Бишкектеги "Эскерүү оту" акциясынан сүрөттөр

Бишкекте Улуу Ата мекендик согуштун баатырларына арналган эл аралык "Эскерүү оту" акциясы өттү. Иш-чарадан тартылган сүрөттөр Sputnik Кыргызстан агенттигинин түрмөгүндө.
Sputnik
Акция "Баатырлар аллеясы" мемориалдык комплексинде өттү. Ага КР Куралдуу күчтөрүнүн өздүк курамы, аскер кызматынын ардагерлери, мектеп окуучулары менен студенттер, Россотрудничествонун, Россиянын аскер-дипломатиялык корпусунун өкүлдөрү, коомдук уюмдар жана шаар тургундары катышты.
Алгач Өчпөс оттун бөлүгү Кремлдин жанындагы Белгисиз жоокердин мүрзөсүнөн Ошко алып келинген, андан кийин акция Жалал-Абадда уланды. Ыктыярчылар отту Баткенге, Араван, Кара-Суу, Кызыл-Кыя жана Өзгөнгө жеткиришет.
"Эскерүү оту" акциясы 11 мамлекетте өтөт. Кыргызстанда аны Россотрудничество менен Ардагерлердин республикалык кеңеши уюштурууда.
1 / 15

Бишкекте Улуу Ата мекендик согуштун баатырларына арналган эл аралык "Эскерүү оту" акциясы өттү

2 / 15

"Эскерүү оту" акциясындагы мектеп окуучулары

3 / 15

Акция "Баатырлар аллеясы" мемориалдык комплексинде өттү

4 / 15

Ага КР Куралдуу күчтөрүнүн өздүк курамы, аскер кызматынын ардагерлери, мектеп окуучулары менен студенттер, Россотрудничествонун, Россиянын аскер-дипломатиялык корпусунун өкүлдөрү, коомдук уюмдар жана шаар тургундары катышты

5 / 15

Улуттук гвардиянын жоокерлери

6 / 15

Бишкектиктер балдары, небере-чөбөрөлөрү менен келишти

7 / 15

Иш-чаранын максаты — жаштарды патриоттуулукка тарбиялоо жана Улуу Ата мекендик согуштун катышуучуларынын эрдигин түбөлүккө калтыруу

8 / 15

"Баатырлар аллеясындагы" окуучулар

9 / 15

"Эскерүү оту" акциясына катышып жаткан ардагер

10 / 15

Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борборунун (Русский дом) жана Коргоо министрлигинин өкүлдөрү

11 / 15

Акцияга ыктыярчылар жигердүү катышты

12 / 15

Иш-чарада согуш жылдарындагы ырлар жаңырды

13 / 15

"Эскерүү оту" акциясына катышкан чиркөөнүн өкүлдөрү

14 / 15

Ыктыярчылар отту Баткенге, Араван, Кара-Суу, Кызыл-Кыя жана Өзгөнгө жеткиришет

15 / 15

"Эскерүү оту" акциясы 11 мамлекетте өтөт

Тема боюнча:
Эскертүү! Бишкекте "Өлбөс полк" жүрүшү бир саат эрте башталат
Улуу Жеңишке кайраты, ар-намысы менен жеткен кыргызстандыктар. Сүрөт түрмөк
Бишкекте Улуу Жеңиштин 78 жылдыгына карата концерт өттү. Видео