Жалал-Абадда Өчпөс от жагылды. Сүрөт

Буга чейин Өчпөс от Ош шаарында жагылган.
Sputnik
БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Кыргызстанда бүгүн башталган "Эскерүү оту" акциясынын алкагында Жалал-Абадда Москвадан алып келинген Өчпөс от жагылды.
1 / 5

Кыргызстанда бүгүн башталган "Эскерүү оту" акциясынын алкагында Жалал-Абадда Москвадан алып келинген Өчпөс от жагылды

2 / 5

Ал "Элдик фронт" бүткүл россиялык коомдук кыймылынын демилгеси, Россотрудничество жана Ардагерлердин республикалык кеңешинин колдоосу менен өткөрүлүп жатат

3 / 5

Өчпөс оттун бөлүкчөсү Кремлдеги Белгисиз жоокердин мүрзөсүнөн Ош шаарына алып келинип, акция ал жерде салтанат менен башталган

4 / 5

Акциянын катышуучулары Өчпөс отту концлагердин туткуну Валентина Симоненко менен биргеликте Жалал-Абаддагы Жеңиш паркында жагышты

5 / 5

"Элдик фронт" бүткүл россиялык коомдук кыймылынын борбордук штабынын мүчөсү, теле алып баруучу Юлия Барановская, теле алып баруучу жана блогер Екатерина Шугаева Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерине, 98 жашка чыккан Гаффан Сафинге барып жолугушту.

Ал "Элдик фронт" бүткүл россиялык коомдук кыймылынын демилгеси, Россотрудничество жана Ардагерлердин республикалык кеңешинин колдоосу менен өткөрүлүп жатат.
Өчпөс оттун бөлүкчөсү Кремлдеги Белгисиз жоокердин мүрзөсүнөн Ош шаарына алып келинип, акция ал жерде салтанат менен башталган.
Акциянын катышуучулары Өчпөс отту концлагердин туткуну Валентина Симоненко менен биргеликте Жалал-Абаддагы Жеңиш паркында жагышты.
"Элдик фронт" бүткүл россиялык коомдук кыймылынын борбордук штабынын мүчөсү, теле алып баруучу Юлия Барановская, теле алып баруучу жана блогер Екатерина Шугаева Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерине, 98 жашка чыккан Гаффан Сафинге барып жолугушту.
Өчпөс от — элдин эркиндигин жана көз карандысыздыгын коргоп, дүйнөнү нацисттерден бошоткон бардык улуттагы советтик жоокерлердин эрдигин эскерүүнүн символу.
Бишкекте Жеңиштин 78 жылдыгы кандай белгиленет? Тизме