БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Бүгүн Москвадагы Белгисиз жоокердин мүрзөсүнөн алып келинген "Эскерүү оту" Өчпөс от акциясынын алкагында Ош шаарында жагылды.
Митинг-реквиемге келген Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Касымбай Жолдошев отту жандырды. Иш-чарага “Элдик фронт” бүткүл россиялык коомдук кыймылынын борбордук штабынын мүчөсү, теле алып баруучу Юлия Барановская, теле алып баруучу жана блогер Екатерина Шугаева катышкан.
Иш-чаранын видеосун Ош мэриясы жарыялады.
Ал жерде Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, Россия Федерациясынын Ош шаарындагы башкы консулу Андрей Бибишев болгон. Алардан сырткары, Кыргызстандагы Россия кызматташтыгы уюмунун өкүлү Альберт Зульхарнеев, Оштогу “Русский дом” уюмунун өкүлдөрү, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн аскерлери, Афганстан жана Баткен окуясынын ардагерлери, Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү, Ош шаарындагы коомдук, билим берүү, спорт жана башка уюмдардын өкүлдөрү, шаар тургундары катышкан.
Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров шаар башчысы кыргызстандыктарды, конокторду Улуу Жеңиштин 78 жылдыгы менен куттуктап, фронттогу баатырларды эскерүү өсүп келе жаткан муун үчүн маанилүү экендигин белгилеген.
Бул салт уланып, от чырактын жардамы менен башка шаарларга өткөрүп берилет. Мындай акция Бишкекте 7-майда өтөт.
Эскерте кетсек, Ош мэриясы тарабынан уюштурулган “Эскерүү оту” акциясы алгачкы жолу 2022-жылы өткөн.
Өчпөс от — элдин эркиндигин жана көз карандысыздыгын коргоп, дүйнөнү нацисттерден бошоткон бардык улуттагы советтик жоокерлердин эрдигин эскерүүнүн символу.