Ошко Москвадан Өчпөс оттун бөлүкчөсүн алып келишти

Түбөлүк оттун бөлүкчөсү Ош шаарынан соң өлкөнүн башка шаарларына да өткөрүлүп берилет.
Sputnik
БИШКЕК, 6-май. — Sputnik. Бүгүн таңга маал саат 6:30да Ош шаарына "Эскерүү отун" — Кремлдин дубалындагы Белгисиз жоокердин жайында күйүп турган Өчпөс оттон алып келишти. Бул туурасында калаа мэриясынан билдиришти.
1 / 4

Бүгүн таңга маал саат 6:30да Ош шаарына "Эскерүү отун" — Кремлдин дубалындагы Белгисиз жоокердин жайында күйүп турган Өчпөс оттон алып келишти

2 / 4

Аны жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Кыргызстандагы Россия кызматташтыгынын, Ош шаарындагы "Русский дом" үйүнүн, Россиянын Башкы консулдугунун өкүлдөрү тосуп алышты

3 / 4

Бүгүн калаадагы Өчпөс от мемориалдык комплексинин алдында аталган эл аралык акциянын алкагында митинг-реквием өтүп, мемориалга от жагылат

4 / 4

Түбөлүк оттун бөлүкчөсү Ош шаарынан соң өлкөнүн башка шаарларына да өткөрүлүп берилет

Аны жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Кыргызстандагы Россия кызматташтыгынын, Ош шаарындагы "Русский дом" үйүнүн, Россиянын Башкы консулдугунун өкүлдөрү тосуп алышты.
Бүгүн калаадагы Өчпөс от мемориалдык комплексинин алдында аталган эл аралык акциянын алкагында митинг-реквием өтүп, мемориалга от жагылат. Түбөлүк оттун бөлүкчөсү Ош шаарынан соң өлкөнүн башка шаарларына да өткөрүлүп берилет.
Өчпөс от — элдин эркиндигин жана көз карандысыздыгын коргоп, дүйнөнү нацисттерден бошоткон бардык улуттагы советтик жоокерлердин эрдигин эскерүүнүн символу.
Ош шаарына Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларынын элесине арналган Өчпөс оттун бир бөлүгүн Бүткүл россиялык "Элдик фронт" коомдук кыймылынын борбордук штабынын мүчөсү, Биринчи каналдын теле алып баруучусу Юлия Барановская ("Мужское/Женское" программасы) теле алып баруучу жана блогер Екатерина Шугаева (НТВдеги "Биз жана илим" автордук программасынын алып баруучусу) алып келген.
Бишкекте Жеңиштин 78 жылдыгы кандай белгиленет? Тизме